Катарда боло турган дүйнөлүк чемпионатка 2,5 миллион билет сатылды

Эл аралык футбол федерациясынын сайтына ылайык, Катарда боло турган дүйнөлүк чемпионатка 2,5 миллион билет сатылды. Негизинен Камерун менен Бразилия, Бразилия менен Сербия, Португалия менен Уругвай эң чоң кызыгуу жаратты. Эң көп суроо-талапка ээ болгон алдыңкы беш матчка Австралия менен Даниянын, ошондой эле Коста-Рика менен Германиянын… Кененирээк…

Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын курамасы 9-орунду ээледи

Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын курама командасы 9-орунду ээледи. Оюндардын расмий сайтынын маалыматына ылайык, өлкө мындай көрсөткүчкө 54 мамлекеттин ичинен жетишти. Биринчи орунда Түркия, экинчиде Өзбекстан, үчүнчүдө Иран турат. Кыргызстандын курама командасынын эсебинде жалпысынан 31 медаль бар: сегиз алтын, сегиз күмүш жана… Кененирээк…

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун Ташкент көчөсүндө чыккан өрт бала бакчадан чыккан эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, турак үйдөн артында жеке менчик бала бакча жайгашып, өрттүн жалыны ага өткөн эмес. Өрт турак үйдүн өзүндө чыгып, жалпы аянты 200чарчы метрди түзөт.… Кененирээк…

Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңге жакын кырсык катталды

Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңге жакын кырсык катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов Фейсбуктагы түз эфирде билдирди.   Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 48 өзгөчө кырдаалдар катталды. Анын кесепетинен 229 адам, анын ичинен 211и коронавирустан улам каза болгон. Ал эми жалпы келтирилген материалдык… Кененирээк…

Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт

Эгемендүүлүк күнүнө карата жана залкар төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак айтышы өтөт. Бул тууралуу Улуттук «Манас» театрынан билдирди. Бул ирет да салтка айлангандай эле кош байге коюлуп, жалпы байге фонду үч миллион сомду түзөт. Төкмө акындарды тандоо туру 22-август күнү “Манас”… Кененирээк…

Apple  компаниясы жаңы продукциясын 7-сентябрда тартуулайт

Apple  компаниясы жаңы продукциясын 7-сентябрда тартуулайт.   Bloomberg басылмасынын маалыматына ылайык, сатуулар 16-сентябрда старт алат. Бул ирет  14-сериядагы айфондор чыгарылат.   Алар менен катар айпад жана мактардын, акылдуу сааттарды жаңы моделдери дагы тартууланат. Күтүлгөндөй, жаңы айфондор буга чейинки смартфондордон  6,7 дюймдагы чоң экраны менен айырмаланат.

Кыргызстандык спортчу Азиз Бийхуров Ислам шериктештиги оюндарында коло байгенин ээси болду

Кыргызстандык спортчу Азиз Бийхуров Ислам шериктештиги оюндарында коло байгенин ээси болду.   Ал кик-бокстун “лоу-кик” түрүнөн 57 килограмм салмакта күч сынашып, 3-орунду ээледи.   Белгилеп кетсек, кечээ жыйынтыкталган V Ислам шериктештиги оюндарына 56 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу катышып, спорттун 27 түрүнөн таймашты. Кыргызстандын капчыгында… Кененирээк…

Колледждерге документтерди кабыл алуу аяктоодо

Бүгүн колледждерге документтерди кабыл алуунун акыркы күнү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, абитуриенттер кечки саат 5ке чейин арыздарды бериши керек.   Орто кесиптик окуу жайларына тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүү зарыл.

Жалал-Абад шаарында жаңы эс алуу багы ачылды

Жалал-Абад шаарында жаңы эс алуу багы ачылды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, Түмөнбай Байзаковдун ысымы ыйгарылган парктын жалпы аянты 8 гектарды түзөт.   Анда суу оргумалары, веложол, балдар аянты, спорт жана маданий иш-чаралар үчүн аймактар бар. Сейил бактын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн.

Бүгүнтөн тарта министрликтердин, мамлекеттик органдардын жетекчилери социалдык тармактар аркылуу маалымат берип туруу өнөктүгүн баштайт

Бүгүнтөн тарта министрликтердин, мамлекеттик органдардын жетекчилери социалдык тармактар аркылуу маалымат берип туруу өнөктүгүн баштайт.   Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында президент Садыр Жапаров өкмөт өкүлдөрүн маал-маалы менен жер-жерлерди кыдырып жана соцтрамактар аркылуу коомчулукка маалымат берип турууну тапшырган.   Чиновниктер маалыматты атайын бекитилген жадыбал менен берип турат.