Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын курама командасы 9-орунду ээледи.
Оюндардын расмий сайтынын маалыматына ылайык, өлкө мындай көрсөткүчкө 54 мамлекеттин ичинен жетишти.
Биринчи орунда Түркия, экинчиде Өзбекстан, үчүнчүдө Иран турат.
Кыргызстандын курама командасынын эсебинде жалпысынан 31 медаль бар: сегиз алтын, сегиз күмүш жана 15 коло.
Белгилеп кетсек, салттуу жаа атуу улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке киргизилген жок.