Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун Ташкент көчөсүндө чыккан өрт бала бакчадан чыккан эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, турак үйдөн артында жеке менчик бала бакча жайгашып, өрттүн жалыны ага өткөн эмес. Өрт турак үйдүн өзүндө чыгып, жалпы аянты 200чарчы метрди түзөт. Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок.