Кыргызстандык спортчу Азиз Бийхуров Ислам шериктештиги оюндарында коло байгенин ээси болду

Кыргызстандык спортчу Азиз Бийхуров Ислам шериктештиги оюндарында коло байгенин ээси болду.

 

Ал кик-бокстун “лоу-кик” түрүнөн 57 килограмм салмакта күч сынашып, 3-орунду ээледи.

 

Белгилеп кетсек, кечээ жыйынтыкталган V Ислам шериктештиги оюндарына 56 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу катышып, спорттун 27 түрүнөн таймашты. Кыргызстандын капчыгында 8 алтын, 8 күмүш жана 10 коло байге чогулду. Муну менен жалпы командалык зачетто биздин өлкө 9-орунду ээледи.