Тиричилик керектөөчүлөргө электр энергиясына чектөөсүз тариф орнотулуп баштады

Тиричилик керектөөчүлөргө электр энергиясына чектөөсүз тариф орнотулуп баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, жаңы тарифке өтүү үчүн жарандар жашаган жери боюнча райондук электр тармактарына кайрылышы керек.   Эске салсак, 1 киловатт-саат электр энергиясы 5 сом 4 тыйынга барабар болот.   Керектөөчү аны майнинг… Кененирээк…

Баткендеги аткезчиликтен улам үч милиция кызматкери кармалды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматынын үч инспектору коррупцияга шек саналып камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кабарлады.   Атайын кызмат “тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө ички иштер органынын өкүлдөрү башка адамдар менен бирге жүк ташыган машинанын айдоочуларынан такай акча алып турган,… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Интергельпо, Турусбеков, Фрунзе, Лермонтов, Үмөталиев, Чокморов көчөлөрүндө, Көк-Жар конушунда, Тунгуч жана 4-кичи райондордо жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева 20 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш байге алды

Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева 20 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш байге алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун  сайтында жазылды.   Мелдеш ушул тапта Болгарияда өтүүдө. Нуртаева финалга чейин молдовалык, италиялык жана германиялык атлеттерди жеңген. Алтын үчүн кармашта япониялык спортчуга 0:4 эсебинде утулуп… Кененирээк…

Транспорт, турак жай жана жер участогуна салыкты онлайн төлөсө болот

Транспорт, турак жай жана жер участогуна салыкты онлайн төлөсө болот. Мамлекеттик салык кызматы салыкты төлөө ыкмалары жөнүндө маалымдайт. Төлөмдөрдү бардык банк кассалары, почта бөлүмдөрү, POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары аркылуу жүргүзсө болот.   Бул үчүн тиешелүү реквизиттерди билүү керек.   Эске салсак, транспорт, турак-жай… Кененирээк…

Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди

Нарындагы Солтон-Сары алтын кениндеги 2019-жылы жергиликтүүлөрдүн нааразылыгынан кийин токтотулган Бучук тилкесин иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды.   Анда президент Садыр Жапаров июнь айында жеринде барып көрүп, элдин «жол салып, жаратылышты талкаланат» деген пикирин укканын жазган. «Бирок өзүңүздөр… Кененирээк…