Тиричилик керектөөчүлөргө электр энергиясына чектөөсүз тариф орнотулуп баштады

Тиричилик керектөөчүлөргө электр энергиясына чектөөсүз тариф орнотулуп баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, жаңы тарифке өтүү үчүн жарандар жашаган жери боюнча райондук электр тармактарына кайрылышы керек.

 

Эске салсак, 1 киловатт-саат электр энергиясы 5 сом 4 тыйынга барабар болот.

 

Керектөөчү аны майнинг криптовалютасынан башка каалаган максатта колдоно алат. Калк үчүн тарифке салык салынбайт. Ошондой эле электр энергиясын колдонууда чектөөлөр киргизилбейт.