Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди

Нарындагы Солтон-Сары алтын кениндеги 2019-жылы жергиликтүүлөрдүн нааразылыгынан кийин токтотулган Бучук тилкесин иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды.

 

Анда президент Садыр Жапаров июнь айында жеринде барып көрүп, элдин «жол салып, жаратылышты талкаланат» деген пикирин укканын жазган.

«Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбастан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди».

Султанбаев ишкана азырынча жергиликтүү элге 50 миллион сомдон кенемте төлөп, кийин алтын чыга баштаганда, бул сумма эселеп көбөйтүлөрү макулдашылганын билдирди.

 

«Ишканага мамлекеттин үлүшү киргизилип, кенди иштетүүдө цианид колдонулбайт жана алтын Кара-Балтада аффинаждалат», — деди ал.