Транспорт, турак жай жана жер участогуна салыкты онлайн төлөсө болот. Мамлекеттик салык кызматы салыкты төлөө ыкмалары жөнүндө маалымдайт.
Төлөмдөрдү бардык банк кассалары, почта бөлүмдөрү, POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары аркылуу жүргүзсө болот.
Бул үчүн тиешелүү реквизиттерди билүү керек.
Эске салсак, транспорт, турак-жай жана жер тилкеси үчүн салыкты 1-сентябрга чейин төлөө керек.