Жумушсуз катары расмий каттоодон өткөндөр Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддогу каражатын колдоно алат. Соцфонддон билдиришкендей, жарандардын бул категориясы 3 айдын аралыгында жашоо минимумунан ашпай турган сумманы алууга укуктуу.
Кененирээк маалымат алуу үчүн Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына кайрылуу керек.