Өлкөдө фермерлерге 7,5 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилди

Өлкөдө фермерлерге 7,5 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилди. Каражатты алар “Айыл-чарбачылыгын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында алышты. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, берилген жалпы сумма 4 миллиард сомдон ашат.   Ведомстводон такташкандай, акча мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүгө берилүүдө. Андан тышкары, агро өнөр-жай тармагындагы ишканалар дагы… Кененирээк…

Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмеси жарыяланды

Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмеси жарыяланды. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тактады.   Ош облусу:   Жакыпбек Абдулхамид уулу – 1990-жылы туулган, Араван району Гюлбахор айылы; Диана Бекмурзаева — 1998-жылы туулган, Ноокат району Төлөс айыл аймагынын Муркут айылы; Сыймыкбек Кутманали… Кененирээк…

Бишкекте мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат. Иш-чарага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, педагогдор, ректорлор жана билим берүүнүн кызматкерлери катышууда. Быйылкы август конференциясы “Мезгил чакырыгы — жаңы мүмкүнчүлүктөр!” девизи алдында өтүүдө. Конференцияда сөз сүйлөгөн билим берүү министри мектептерде… Кененирээк…

Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү үчүн атайын рейс Ульяновскко учуп кетти

Россиядагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгүн алып келүү үчүн учак Ош аэропортунан Ульяновск облусуна учуп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалыматына караганда, маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн даярдалган жүк ташуучу самолет Кыргызстанга кечки саат 6да келип конот. Каза болгон 14 адамдын ичинен бешөө Баткен, беш… Кененирээк…

Оштогу Курманжан Датка көчөсүндө бир айга унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет

Оштогу Курманжан Датка көчөсүндө бир айга унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Түштүк борбордун мэриясынан билдиришкендей, бүгүндөн тарта 23-сентябрга чейин Абдыкадыров көчөсүнөн Аматовго чейинки тилкеде кыймыл жабылат. Мунун себеби жылуулук трассасындагы оңдоо иштерине байланыштуу. Мындан улам, айдоочулар алдын ала альтернативдүү жолду тандап алуусу зарыл.

Өкмөт канттын импортуна КНСтин нөлдүк ставкасын узартууну сунуштоодо

Министрлер кабинети кумшекерди импорттоого нөлдүк кошумча нарк салыгын жыл аягына чейин узартууну сунуштоодо. Муну менен бийлик продукциянын баасын турукташтыруу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону көздөп жатат. Документ Кыргызстанга тарифтик квота боюнча ташылып келинген кумшекерди, чийки затты жана тазаланган кантты камтыйт. Буга чейин Евразиялык экономикалык комиссия… Кененирээк…

Кыргызстандагы Казарман ГЭС каскадын казакстандык компания курат

Кыргызстандагы Казарман ГЭС каскадын казакстандык компания курат. Бул боюнча меморандумга “Электр станциялары” ишканасы менен кол коюлганын Novosti.kgге аталган компаниянын басма сөз кызматынан ырасташты. Тараптар казакстандык компания Ала-Бука ГЭС, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭСинен турган Казарман ГЭС каскадын курууну баштай турганын макулдашты. Маалыматка ылайык, курулушту… Кененирээк…

Бишкекте 100 миң сомдук социалдык жардам алууга 10 арыз жактырылды

Бишкекте 100 миң сомдук социалдык жардам алууга 10 арыз жактырылды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын биринчи отуруму өттү. Анда жалпысынан 15 арыз каралып, анын ичинен 10 документ канааттандырылды. Белгилеп кетсек, социалдык контракт — бул аз камсыз үй-бүлө менен социалдык коргоо… Кененирээк…

Өкмөт банктарда алтын, күмүш куймасын сатууну караштырып жатат

Өкмөт банктарда алтын, күмүш куймасын сатууну караштырып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров банк секторунун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бул валюталык тобокелдиктерди диверсификациялоо механизмдеринин бири болуп калат. Ал ошондой эле чакан ГЭСтерди куруу үчүн ресурстарды мобилизациялай турган банктардын консорциумун түзүү пландалып жатканын… Кененирээк…

Маймыл чечеги АКШнын бардык 50 штатында катталды

Маймыл чечеги АКШнын бардык 50 штатында катталды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, жалпысынан өлкөдө 15 миң 500гө жакын учур аныкталган. Вирусту жуктургандардын саны боюнча биринчи орунда Нью-Йорк жана Калифорния штаттары турат. Ошол эле учурда 10 штатта инфекция жуктургандардын саны 10дон ашпайт, — деп… Кененирээк…