Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыкта  каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинди

Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыкта  каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Учак Ош аба майданына келип конду. Буга чейин

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн даярдалган жүк ташуучу учак Ульяновск шаарына эртең менен учуп кеткенин кабарлаган.

 

Эске салсак, 21-августта Ульяновск облусунда ири жол кырсыгында 14 кыргызстандык каза тапты, 3 жаран учурда оор абалда ооруканада. Буга байланыштуу бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү жарыяланды.