Ульяновсктун губернатору жол кырсыгынын болжолдуу себебин айтты

Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгынын болжолдуу себеби аталды. Бул тууралуу аталган облустун губернатору Алексей Русскихге шилтеме берүү менен орус басылмалары жазышты.

 

Маалыматка ылайык, 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына алдын ала маалыматтар боюнча, жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап калгандыгы себеп болушу мүмкүн.

 

21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны — эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.