Канатбек Азиз Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды

Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

«Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.