Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата жасалгаланып баштады

Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата жасалгаланып баштады. Андагы баннерлерде өлкөнүн тарыхый инсандарын көрүүгө болот.

 

Арасында алгачкы кыргыз агартуучу Ишеналы Арабаев, жазуучу, коомдук ишмер – Түгөлбай Сыдыкбеков, биринчи кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиев, Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев, тарыхый инсан – Ормон хан жана саясий ишмер Байтик баатыр бар. Белгилеп кетсек, быйыл Кыргызстан көз карандысыздыктын 31 жылдыгын белгилейт.