Элчи Кадыркулов кыргызстандыктарды Украинадан убактылуу чыгып кетүүгө чакырды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кыргызстандыктарды кырдаал толук турукташканга чейин бул өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу элчи өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Украина бийлигинин сунуштарына байланыштуу кыргызстандыктарды Киев шаарынын борборунан, эл көп чогулган жерлерден, ошондой эле Украинанын аскердик жана административдик мекемелеринен оолак болууга чакырган.

 

Украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда 24-август – өлкөнүн эгемендик майрамынын алдында Россиянын күчтөрү чабуулдарын күчөтөрүн эскертип, аскерлерди жана калкты буга даяр болууга чакырган.

АКШнын чалгын кызматы Россия жакынкы убакта Украинадагы мамлекеттик объектилерге, жарандык инфраструктураларга чабуул жасоого камданып жатканын эскертти. Бул тууралуу Reuters жана The New York Times басылмалары өз булактарын шилтеме кылып жазышты.