Бишкекте “Тазалык” ишканасынын белгиси түшүрүлгөн жаңы урналар коюлат. Мэриянын маалыматына ылайык, алар алгач Ахунбаев көчөсүндө пайда болот. Биринчи этапта 40 таштанды челек жасалган.
Алар 25-августта жогоруда айтылган көчөнү бойлой орнотулат. Акырындык менен жөнөкөй урналарды заманбап жана ыңгайлууларына алмаштыруу пландалууда.