Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 1-сентябрдан тарта ишин жыйынтыктайт.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.
Мамлекеттик мекемеден эскертишкендей, поезд жыл сайын июнь айынан 31-августка чейин каттайт.
Бишкек – Балыкчы багытындагы кыймыл эми келерки жайда жанданат.