Эртең Бишкек шаарындагы мектептерге директор тандоо боюнча сынак өтөт

Эртең Бишкек шаарындагы мектептерге директорлордун бош кызмат орундарына сынак өтөт.

Билим берүү министрлигинен такташкандай, талапкерлерди тандоо Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эртең мененки саат 8де башталат.

Эске салсак, Бишкек шаары боюнча 62 ваканттык орун бар.