Бишкекте жаңы окуу жылына карата ачылуусу пландалган 15 мектептин үчөө гана окуучуларды кабыл алууга даяр.
Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров ишендиргендей, калганын 15-сентябрга чейин бүткөрүү пландалууда.
Белгилеп кетсек, 1-сентябрга карата 15 мектеп жана бир бала бакча курулуп, оңдолмок.
Курулушка республикалык бюджеттен 2 миллиард сом каралган.