Электр энергиясына карызы бар Бишкектин тургундары 1-сентябрда жарыксыз калат.
“Чүй электр тармактары” ишканасынын маалыматы боюнча, тизмеде төрт миңге жакын абонент бар.
Маалыматка ылайык, ордо калаанын жалпы карызы 7 миллион сомго жетти.
Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн жарандар бардык төлөмдөрдү алдын ала төлөшү керек.
Муну “Кыргызпочтасынын” кеңселеринде, ошондой эле төлөм терминалдары аркылуу жасоого болот.