Транспорт, турак жай жана жер тилкесине салыкты төлөөгө үч күн калды

Транспорт, турак жай жана жер тилкесине салыкты төлөөгө үч күн калды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, салыкты онлайн төлөсө болот. Төлөмдөрдү бардык банк кассалары, почта бөлүмдөрү, POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары аркылуу жүргүзүү мүмкүн. Бул үчүн тиешелүү реквизиттерди билүү керек. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн… Кененирээк…

Түркияга Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама барат

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар (жер улак) боюнча эки курама команда катышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эки курама команда учурда Чолпон-Атада машыгууларын өткөрүүдө. “Түркиядагы мелдешке көк бөрү боюнча курама команда кызыл түстө, көкпар боюнча курама… Кененирээк…

Кыргызстанга Pfizer вакцинасын аралаштыруучу суюктук жеткирилди

Кыргызстанга Pfizer вакцинасын аралаштыруучу суюктук жеткирилди.   Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте аталган препарат менен эмдөө эртең башталат.   Ал эми аймактарга вакцина шаршембиде жеткирилет. Эске салсак, 8-августта өлкөгө Pfizer вакцинасынын   100 миңден ашык дозасы келген. Бирок партияда аны аралаштыруучу суюктук… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде мугалимдерге 900 бош орун бар

Кыргызстан мектептеринде мугалимдерге 900 бош орун бар. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.   “900 ваканттык орун бар республика боюнча. Мисалы Бишкекте, Биринчи май районунда 110 ваканттык орун бар. баса белгилеп кетүүчү нерсе, табигый илимдер боюнча мугалимдер жетишсиз. Бирок… Кененирээк…

Бул жумада кыргызстандыктарды кошумча эс алуу күтүп турат

Бул жумада кыргызстандыктарды кошумча эс алуу күтүп турат. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, быйыл эгемендүүлүк күнү 31-август шаршембиге туура келет.   Майрам кызыл даталарга киргендиктен, өлкөдө дем алыш жарыяланат.  30-августта иш күнү дагы бир саатка кыскартылат. Белгилеп кетсек, быйыл Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31-жылдыгы белгиленет.

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте салют атылбайт

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте салют атылбайт. Мэрия маалыматына ылайык, 31-августта Ала-Тоо аянтында кечки саат 7 жарымда эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт башталат.   Ага чейин ордо калаанын бардык райондорунда спорттук мелдештер жана ар кандай иш-чаралар өтөт.

Бишкек – Исламабад – Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам кое берилди

Бишкек – Исламабад – Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам кое берилди. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, аталган каттам жумасына бир жолу – ишемби күндөрү аткарылат.   Аба майдандан белгилешкендей, Пакистандын аталган калаасына Бишкектен учактар алгачкы ирет каттайт.

Өлкөдө 2 миңге жакын мугалим жетишсиз

Өлкөдө 2 миңге жакын мугалим жетишсиз. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.   “Республика боюнча акыркы маалыматтар менен 82 миң 845 мугалим бар. Жетишсиздик 2 миңге жакын болуп калып атат. Бирок бул 2 миң дегенибиз азыркы учурда студенттерибиз, бүтүрүүчүлөрүбүз… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын тыгыны жок

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын тыгыны жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, тилкедеги бардык өткөрүү түйүндөрү штаттык режимде иштеп жатат.   Адамдардын жана унаалардын топтолуусу жок. Эске салсак, өткөн жумада кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардан турган көп чакырымдык тыгындар катталган.… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар азая баштады

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир аптада Кыргызстанда коронавирус жуккан 179 учур катталды. Алардын 26сы ооруканада, калгандары үйлөрүндө дарыланууда. Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан үч миңдей бейтап көз жумган. Өткөн айда Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД)… Кененирээк…