Кыргызстанда жыл аягына чейин QR код менен төлөө функциясы ишке кирет

Кыргызстанда жыл аягына чейин QR код менен төлөө функциясы ишке кирет.

Тиешелүү токтомду Улуттук банк чыгарды.

Ага ылайык, мобилдик тиркемелери бар банктар жана төлөм системасынын операторлору бул төлөм системасын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө тийиш.

Улуттук банк — бул банк жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү үчүн зарыл экенин белгиледи.