Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болушу күтүлөт.
Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Мындан улам, жарандарга сак болуу сунушталат.