“Камбар-Ата 1” ГЭСин куруунун баасы эки эсеге кымбаттады

“Камбар-Ата 1” ГЭСин куруунун баасы эки эсе кымбаттады.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы техникалык-экономикалык негиздеме боюнча курулуш иштери 3 миллиард долларга бааланган, бирок андан бери материалдар кыйла кымбаттады.

Чиновник белгилегендей, учурда ГЭСти курууга 6 миллиард долларга жакын каражат керектелет.

Мынчалык көлөмдөгү сумманы топтоо үчүн бир катар мыйзам долбоорлоруна өзгөртүү киргизүү зарыл, — деди өкмөт башчы.