Эгемендүүлүк күнүндө Чуңкурчакка 40 миңден ашык адам барды

Эгемендүүлүк күнүндө Аламүдүн районундагы жайлоого 40 миңден ашык адам барды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 10 миңден ашык унаа келген.

Жарандардын тартибин жана коопсуздугун бир нече миң милиция кызматкерлери камсыздаганы белгиленди.

Кошумчаласак, майрам тынч өттү.