Нурия Сооронова айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Нурия Сооронова Айыл чарба министринин жер ресурстары боюнча орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон билдиргендей, ал мурда Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

Дүйнөлүк күрөш уюму Жоламан Шаршенбеков тууралуу ролик жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) дүйнө чемпионатынын алдында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков тууралуу ролик жарыялады. Видеодо Шаршенбеков максатка жетүүдө эч кандай оңой жол жок экенин айтат. “Акжол (ред.: Махмудов) досум айткандай, спорт, ошондой эле башка иште чоң максатка жетем десең, анда кыйын жолду басып… Кененирээк…

Көз карандысыздык күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктады. Ведомстводон белгилешкендей, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы жана 2022-жылдын 7 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп… Кененирээк…

Британ окумуштуулары Марста жашоого ылайыкталган үйдү көрсөтүштү

Британ окумуштуулары Марста жашоого ылайыкталган үйдү көрсөтүштү. Ал толугу менен кызыл планетанын катаал климатына ылайыкташкан. Ошол эле учурда космонавттар өздөрүн жердегидей сезе алышат. Үч кабаттуу үйдө уктоочу бөлмө, диспетчердик бөлүм, даараткана жана душ бар. Үй Марска реалдуу учуу үчүн колдонулабы же жокпу азырынча белгисиз.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт

Башка кабарлардан. Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Мындай билдирүүнү азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жарыялады. Анын айтымында, добуш берүү ушул жылдын күзүндө болот. Токаев ошондой эле президенттин ыйгарым укуктарын жети жылдык мөөнөт менен чектөөнү сунуштады. Казакстанда азыр иштеп жаткан Конституцияга ылайык, президент беш жылдык мөөнөттөн… Кененирээк…

Кыргызстанда “Электрондук китепкана” платформасы түзүлдү

Кыргызстанда “Электрондук китепкана” платформасы түзүлдү. Анда кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде санариптештирилген 500дөн ашык окуу китептери топтолгон. Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакуновдун айтымында, санариптештирилген окуу куралдарынын саны жыл сайын көбөйүүдө жана бул мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин чечүүгө жардам берет.

Бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Президент эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу тууралуу жарлыкка кол койду. Тизмеде коомдук жана саясий ишмерлер, ишкерлер, искусство адамдары жана башкалар бар. Сыйлыктар социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата ыйгарылды.

Ташкент шаарындагы аэропортто жүргүнчүдөн крокодилдин 54 баласы табылды

Ташкент шаарындагы аэропортто жүргүнчүдөн крокодилдин 54 баласы табылды.   Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, кармалган жаран крокодилдин балдарын бир нече желим идиштерге, сабиз, лимон, банан жана башка жашылча-жемиштердин арасына катып койгон.   Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат жана жүргүнчүнүн Өзбекстанга крокодилдерди эмне себептен алып… Кененирээк…

Шамшиев, Жумагулов, Шеримкулов жана Дүйшеев Эл баатыры болду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кинорежиссер, сценарист Болотбек Шамшиевге, мамлекеттик ишмер, Түрк мамлекеттеринин уюмунун акскалдар кеңешинин мүчөсү Медетхан Шеримкуловго, мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго жана советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге «Кыргызстандын баатыры» наамы ыйгарылды. Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш депутаттары жайкы эс алуудан кайтып келди

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы өттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Алгач Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сессияны ачык деп жарыялап, андан соң Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.   Эске салсак, эл өкүлдөрү 30-июнда жайкы эс алууга тараган.