Бишкекте көрктөндүрүү иштери уланууда

Бишкекте көрктөндүрүү иштери уланууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, ордо калаада жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана көчөлөрдөгү жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

Азыркы тапта курулуш иштери Абрахманов көчөсү менен Тыныстанов көчөсүнүн аралыгында жүрүүдө.

Ошондой эле Айтиев көчөсүндө жайгашкан аялдаманын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөө иштери аткарылды.