Бишкекте жыл ичинде батирлер орточо эсеп менен дээрлик 16,5 пайызга кымбаттады

Бишкекте жыл ичинде, өткөн жылдын июль айынан ушул жылдын июлуна чейин батирлер орточо эсеп менен дээрлик 16,5 пайызга кымбаттады.

Жер ресурстары кызматынын маалыматына караганда, өсүш ордо калаанын төрт районунда тең байкалды.

Ошол эле учурда чарчы метрге баа эң көп Свердлов районунда – 21 пайызга жогорулады.

Кыймылсыз мүлктүн баасы учурда орто эсеп менен 1 чарчы метри 64-65 миң сомду түзөт.