“Санарип көчмөн” макамын ыйгаруу боюнча убактылуу жобо бекиди

Өкмөт республикага көчүп келген чет элдик адистерге “Санарип көчмөн” макамын ыйгаруу боюнча убактылуу жобону бекитти.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул статус Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россиянын жарандарына Кыргызстанда каттоосуз жана ишке орношууга уруксатсыз жашоого мүмкүндүк берет.