Ош шаарында 8,7 миңден ашык окуучу биринчи класска барды

Ош шаарында быйыл 8 миң 720 окуучу биринчи класска барды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилеп кетсек, учурда Ош шаарында төрт мектептин курулушу жүрүп жатат, анын ичинен бирөө аяктоо алдында турат.

Эки мектепке кошумча имарат жана үч бала бакча курулууда.

Ош шаарында жалпысынан 53 мектеп бар.