Бишкектен Пакистандын Лахор шаарына авиакаттам ачылды

Ата мекендик авиакомпания Бишкек-Лахор-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштады.

Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учак 30-августта Пакистандын эң ири шаарларынын бирине конду.

Белгиленгендей аталган багыт боюнча туруктуу каттам биринчи жолу ачылып жатат.

Учуулар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.