Ош шаарында 150 комузчу “Маш ботойду” күүсүн чертти

Ошто Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, маданият ишмерлери, шаардык маданият башкармалыгынын, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын, “Келечек” балдар чыгармачылык үйүнүн музыкалык жамааттары, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, анда Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн эмгек сиңирген комузчулар, ошондой эле ОшМУ, ОшМПУнун искусство факультеттеринин студенттери, шаардын балдар музыкалык мектептеринин окуучулары аткарышты.

Күүнү жалпы 150 комузчу чертти.