Мамкурулуш жаңы объекттерди курууга мораторий киргизүүнү сунуштоодо

Мамлекеттик курулуш агенттиги жаңы объекттерди курууга мораторий киргизүүнү сунуштоодо.

Ведомство башчысы Нуртазин Жетыбаевдин айтымында, учурда Кыргызстанда мектеп, оорукана, бала бакчаларды кошкондо 400гө жакын узак мөөнөттүү курулуштар бар.

Чиновник белгилегендей, ай сайын тизмеге курулушуна каражат жетишсиз болгон жаңы имараттар кошулуп жатат.

Мындан улам министрлер кабинетине объекттерди узак мөөнөттүү курулуш иштери аяктаганга чейин тургузууга тыюу салуу сунушталды.