Бишкек жана Ош шаарларында көп функционалдуу миграция борборлору ачылат

Бишкек жана Ош шаарларында көп функционалдуу миграция борборлору ачылат.

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, алар Россияга иштегени кеткен кыргызстандыктарга юридикалык жардам көрсөтүшөт.

Борборлордо мигранттар манжа изин, керектүү медициналык маалымкаттарды ала алышат.

Бул жарандарга Москвада милдеттүү процедуралардан өтүүдө убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.