Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 7-сентябрда аталган министрлик кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин бир добуштан колдогон.

Ал буга чейин министрдин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбековдун ордуна келди.

Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев августта жумуштан алынган.