Унаага салык төлөө фактысын Carcheck кызматы аркылуу текшерүүгө болот

Унаага салык төлөө фактысын Carcheck кызматы аркылуу текшерүүгө болот.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Мекеме системага өзүнүн маалымат базасын киргизүүнү пландаштырууда.

Салык органдары муну жакын арада ишке ашырууну көздөп жатат.

Жаңы функциянын ишке кириши менен жарандык көзөмөл күчөйт деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары, айдоочулардын салык сабаттуулугу жана жоопкерчилиги жогорулайт.