Унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Кыргызстанда унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, текшерүүнү райондук салык органдары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшөт. Эске салсак, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Кечиккен жеке адамдарга бир миң сом, юридикалык жактарга беш миң сом айып… Кененирээк…

Ошто лифттерди башкаруу борбору ачылды

Ошто лифттерди башкаруу борбору ачылды. Мэриядан билдиришкендей, жаңычылдык жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында иштелип чыкты. Система жабдуулардын иштеши тууралуу маалыматты онлайн режиминде алат. Операторлор ошондой лифттин шахтасынын эшигин ким мыйзамсыз ачып жатканын да биле алышат.

Кыргызстан коопсуздук боюнча 163 өлкөнүн ичинен 91-орунда турат

Кыргызстан коопсуздук боюнча 163 өлкөнүн ичинен 91-орунда турат. Бул тууралуу Глобалдык тынчтык индекси боюнча ушул жылдагы рейтингде айтылды. Адистер ички-тышкы чыр-чатактар, коңшу мамлекеттер менен болгон мамиле, калк арасындагы качкындардын үлүшү, жарандар арасындагы ишенбөөчүлүктүн деңгээли, саясий туруктуулук, коомдук тартип сыяктуу маселелерди талдашкан. Анын алкагында, Исландия, Жаңы… Кененирээк…

Улуу Британиянын падышасы эртең расмий жарыяланат

Улуу Британиянын падышасы эртең расмий жарыяланат. Чет элдик басылмалар Карл III такка 10-сентябрда отурарын жазышты. Формалдуу салтанат адатта Лондондогу Сент-Жеймс сарайында өтөт. Британиянын ханышасы Елизавета II дүйнөдөн кайткандан кийин анын уулу Улуу Британиянын жаңы падышасы болуп калды. 96 жашында каза болгон Елизавета II Британияны 70… Кененирээк…

Ош технологиялык университетине жаңы ректор дайындалды

Жанболот Турсунбаев М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин министрлик мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору кызмат ордун… Кененирээк…

Бишкектин Көк-Жар конушунда жаңы воркаут аянты ачылды

Бишкектин Октябрь районуна караштуу Көк-Жар конушунда воркаут аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Мэриянын маалыматына ылайык, Кыргызстандын Work Out ассоциациясынын спортчулары мастер-класс көрсөтүшүп, иш-чаранын соңунда балдарга балмуздак таратылды. Аянтча демөөрчүлөрдүн колдоосу менен пайда болду.

Миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайра иштеп баштайт

Миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайра иштеп баштайт. Бул тууралуу парламент жыйынында Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү буйрукка кол коюлду, аталган орган кийинки аптадан тарта ачылат. Белгилеп кетсек, буга чейин Россиядагы мигранттар Миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жабылып калганына… Кененирээк…

Бишкекте жол оңдоого тоскоол болгон объектилер алынууда

Бишкекте жол оңдоого тоскоол болгон объектилер алынууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, «Ынтымак» сейил багындагы балдар аттракциону, Жайыл Баатыр көчөсүндөгү жол реконструкциясына тоскоол болгон пайдубал жана Маликов көчөсүндөгү реконструкция иштерине тоскоолдук жараткан дүкөн ыктыярдуу түрдө демонтаждалды. «Ал эми Чыгыш-5 кичирайонундагы 90 чарчы метр күркө… Кененирээк…

Конституциялык сот мамлекеттик органдар менен документ жүгүртүүнү автоматташтырды

Конституциялык сот башка мамлекеттик органдар менен документ жүгүртүүнү автоматташтырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын билдиришти. Маалыматка ылайык, ведомство 1-сентябрдан тарта башка мамлекеттик органдар менен санариптик форматта документ жүгүртүүнүн автоматташтырылган системасына кошулду.

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак-жай курулат

Бишкекте мурдагы №47 түзөтүү колониясын демонтаждоо башталды. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, бул жерде көп кабаттуу социалдык турак жай комплекси курулат. Комплекс 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат. Долбоордо билим берүү мекемелери жана бала бакчалар да камтылган. Курулуш иштери келерки жылы башталат. Социалдык долбоорду инвесторлор ишке ашырат.… Кененирээк…