Кыргызстанда бизнести этап-этабы менен каттоонун нускамасы иштелип чыкты

Экономика министрлиги Кыргызстанда бизнести этап-этабы менен каттоонун нускамасын иштеп чыкты.

Ведомстводон билдиришкендей, колдонмодо ПИН-кодду алууга жана юридикалык жактардын ар кандай түрлөрүн андан ары каттоого байланышкан бардык операциялар чагылдырылган. Мындан тышкары, калкты жана ишкерлерди тейлөө борборлорунун даректери, мамлекеттик органдардын иш убактысы тууралуу маалымат, талап кылынуучу документтердин тизмеси жана башка маалыматтар бар.

Белгиленгендей, бизнести каттоого үч күндөн эки жумага чейин убакыт кетет.