Казань жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын консулдугу ачылат

Россиянын Казань жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын консулдугу ачылат.

Буга байланыштуу сунуш Россияга берилгенин тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Белгиленгендей, бул өлкөдөгү кыргыз жарандарынын саны өсүп жатат.

Расмий маалымат боюнча, Москвада Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт.