Бишкекте жылуулук азырынча берилбейт

Бишкекте жылуулук азырынча берилбейт. Мэриянын басма-сөз кызматынан түшүндүрүшкөндөй, адатта ордо калаада аба табы 5 күн бою +8 градустан ашпаса, жылуулук берилип баштайт.   Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, ордо калаада жакынкы күндөрү жылуу аба-ырайы сакталат. Ага чейин шаар тургундарына жылуулук түтүктөрүн, батареяларды текшерип алуу, зарылчылык болсо, оңдоо… Кененирээк…

RestPoint 21 эс алуу түйүнүнүн курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат

RestPoint 21 эс алуу түйүнүнүн курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат. Туризмди өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, объектилер туристтик каттамдарда жана аймак аралык трассаларда орун алат.   Ар биринчи душ, кофейня жана эне-бала бөлмөсү болот. RestPoint кышкысын дагы иштейт. Жылуулук жана ысык суу күн коллекторунан алынат, ал… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери дизелдик отундун баасы 17 сом 50 тыйынга же 30 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери дизелдик отундун баасы 17 сом 50 тыйынга же 30 пайызга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен беришти.   3-январга карата өлкө аймагында солярканын бир литринин баасы орточо эсеп менен 58 сом 21 тыйын болсо, сентябрда баалар 75 сом 76 тыйынга теңелди.… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында 13,6 млрд. куб метр суу топтолду

3-октябрга карата Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү 13,629 млрд. куб метрге жетти. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасы маалымдады. Бул былтыркы ушул күнкү көрсөткүчтөн 1,3 млрд. куб метрге көп. Бир суткада суу сактагычка секундуна 251 куб метр суу агып кирип, 197 куб метр короп жатат.… Кененирээк…

Өлкөдө 2 миллиондон ашык тонна күйүүчү майдын запасы бар

Бул тууралуу Материалдык резервдер фондунун төрагасы Базарбай Мусабеков 3-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын маалымдашынча, фондго жалпысынан 6 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май алынган, анын 2 миллиону быйыл айыл чарба тармагы үчүн 61 сомдон дыйкандарга сатылды. Калганы күч түзүмдөрүнө берилди. Дагы 2 миллиондой тонна… Кененирээк…

Баткенге жардам үчүн атайын эсепке 310 млн сомдон ашуун каражат түштү

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 310 миллион сомдон ашык  түштү. Бул Каржы министрлигинин басма сөз кызматы тараткан соңку маалымат. Белгиленгендей, каражат азыркы тапта эч кандай муктаждыкка жумшала элек. Буга чейин маалымдалгандай, аны туура багыттоого президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.

Улгайган адамдар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырылат

Кыргызстанда улгайган адамдар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырылат. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммундук профилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова билдиргендей, коронавирустан каза болгон жарандардын көбү 60 жаштан жогору адамдар. Анализдин жыйынтыгы боюнча, тобокелдик тобуна кирген эмделбеген адамдардын өлүмүнүн ыктымалдыгы бир нече эсе жогору. Буга байланыштуу биз… Кененирээк…

Кыргыз-тажик ара жаңжалында жабыркаган ишкерлер салыктан бошотулат

Кыргыз-тажик ара жаңжалында жабыркаган ишкерлер убактылуу салыктан бошотулат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана соода министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, ишкерлер быйылкы жылдын сентябрынан тарта, 2024-жылдын 1-январына чейин кошумча нарк салыгын эсепке албаганда салыктын бардык түрүнөн бошотулат. Бул жеңилдиктер Мамлекеттик салык жана социалдык камсыздандыруу мекемелеринде… Кененирээк…

Баткенде 10 миңден ашуун жаран үйүнө кайта элек

Баткенде чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон 10 миңден ашуун жаран үйүнө кайта элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Novosti.kgге такташкандай, эвакуация болгон 137 миңдей кишинин көбү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып барышты. Үйлөрү жашоого жараксыз болгон жарандарга облус боюнча 8 мекеме, 64 бөлмө, 218 жеке… Кененирээк…

Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинин сап башына чыкты. Ал 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча рейтингде 55 миң упай менен экинчи орундан биринчиге көтөрүлдү. Ал эми Акжол Махмудов 77 кг салмакта 55 миң упай менен үчүнчү саптан экинчиге чыкты, 77 кг салмакта биринчи орунда… Кененирээк…