Кыргызстанда жыл башынан бери дизелдик отундун баасы 17 сом 50 тыйынга же 30 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери дизелдик отундун баасы 17 сом 50 тыйынга же 30 пайызга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен беришти.

 

3-январга карата өлкө аймагында солярканын бир литринин баасы орточо эсеп менен 58 сом 21 тыйын болсо, сентябрда баалар 75 сом 76 тыйынга теңелди. Ал эми өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, дизель отуну 24 сомго же 47 пайызга кымбаттады.