Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинин сап башына чыкты.

Ал 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча рейтингде 55 миң упай менен экинчи орундан биринчиге көтөрүлдү.

Ал эми Акжол Махмудов 77 кг салмакта 55 миң упай менен үчүнчү саптан экинчиге чыкты, 77 кг салмакта биринчи орунда түркиялык Юнус Башар турат.

Эске сласак, ушул жылдын 10-18-сентябрь аралыгында Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн.

Анда Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталды.

Ири мелдештин жыйынтыгы менен рейтинг кайрадан түзүлдү.