Баткенде 10 миңден ашуун жаран үйүнө кайта элек

Баткенде чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон 10 миңден ашуун жаран үйүнө кайта элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Novosti.kgге такташкандай, эвакуация болгон 137 миңдей кишинин көбү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып барышты.

Үйлөрү жашоого жараксыз болгон жарандарга облус боюнча 8 мекеме, 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган.

Эске салсак, Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылды.