Улгайган адамдар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырылат

Кыргызстанда улгайган адамдар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырылат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммундук профилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова билдиргендей, коронавирустан каза болгон жарандардын көбү 60 жаштан жогору адамдар.

Анализдин жыйынтыгы боюнча, тобокелдик тобуна кирген эмделбеген адамдардын өлүмүнүн ыктымалдыгы бир нече эсе жогору.

Буга байланыштуу биз эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз, — деп айтылат маалыматта.