Кыргыз-тажик ара жаңжалында жабыркаган ишкерлер салыктан бошотулат

Кыргыз-тажик ара жаңжалында жабыркаган ишкерлер убактылуу салыктан бошотулат.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана соода министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Ага ылайык, ишкерлер быйылкы жылдын сентябрынан тарта, 2024-жылдын 1-январына чейин кошумча нарк салыгын эсепке албаганда салыктын бардык түрүнөн бошотулат.

Бул жеңилдиктер Мамлекеттик салык жана социалдык камсыздандыруу мекемелеринде ушул жылдын 1-сентябрына чейин каттоого турган, 14-17-сентябрь аралыгында жаңжал болгон аймактардагы ишканаларга берилет.

Белгилеп кетсек, мындай жеңилдиктер тоо-кен өндүрүшү жана күйүүчү май сатуучу ишканаларга тиешеси жок.