Токтогул суу сактагычында 13,6 млрд. куб метр суу топтолду

3-октябрга карата Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү 13,629 млрд. куб метрге жетти. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасы маалымдады. Бул былтыркы ушул күнкү көрсөткүчтөн 1,3 млрд. куб метрге көп. Бир суткада суу сактагычка секундуна 251 куб метр суу агып кирип, 197 куб метр короп жатат.

1975-жылдан тарта иштеп жаткан Токтогул ГЭСинин төрт агрегаты бир жылда 4,4 млрд. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат.

Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд куб метр. Электр энергиясын чыгаруу үчүн кеминде 8,5 млрд. куб метр суу болушу керек.

Быйыл жаз айларында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд куб метрге чейин азайган. Бул соңку жылдардагы ири энергетикалык кризис болду.

2008-2009-жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7-8 млрд куб метрге чейин азайып, өкмөт электр энергиясын чектеген. Күнүнө бир нече сааттап электр энергиясы берилбей калган.