Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базар ачылды

Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базар ачылды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, анын аянты 3,5 гектар жерди ээлеп, бардык шарттар түзүлгөн. Муниципалдык базарда 1 миңге чукул соода жайлары, атайын унаа токтотуучу жайы бар. Курулушка жергиликтүү бюджеттен 25 миллион сом бөлүнгөн. Бул базардын ачылышы менен жергиликтүү бюджетке киреше көбөйөт… Кененирээк…

Үйүн же батирин ижарага бергендер салык төлөөгө милдеттүү

Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, үйүн же батирин ижарага бергендер салык төлөөгө милдеттүү. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өзү тандайт. Алсак, салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын же жалпы салык режиминин негизинде төлөсө болот. Салык төлөбөгөнү аныкталган учурда тиешелүү чара… Кененирээк…

Бүгүн Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери башталат

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жумуштар бүгүнтөн тарта 7-октябрга чейин аткарылат. Андан улам, трасса эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Белгилеп кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, машинелер өткөрүлөт.

Ала-Букада айыл чарба продукциясы үчүн логистикалык борбор ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда айыл чарба продукциясын экспорттоочулар үчүн жаңы логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришти. Жаңы логистикалык борбор фермерлерге жана соодагерлерге продукциянын сактоо мөөнөтүн узартуу менен кирешелерин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Бул аймакта негизги суроо-талап алма жана кара өрүктү өстүрүү… Кененирээк…

Ош шаарынын күнү быйыл жылдагыдай шаан-шөкөт менен белгиленбейт

Ош шаарынын күнү быйыл жылдагыдай шаан-шөкөт менен белгиленбейт. Novosti.kgге жергиликтүү мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдиргендей, мунун себеби Баткендеги соңку окуяларга байланыштуу. Ал кошумчалагандай, майрамга карата ырчылар арасында гана чакан сынак уюштурулат. Эске салсак, түштү калаага 5-октябрда 3022 жыл толот.

Чек ара: талкаланган 130дан ашык үйдүн орду урандыдан тазаланды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учурда облус боюнча 130дан ашык үйдүн орду урандылардан тазаланды. Мекеме буга чейин Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылганын билдирген. Эске салсак, Кыргызстан менен… Кененирээк…

Ак-Суу дарыясындагы көпүрөнүн курулушу аяктады

Баткен облусундагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун 7-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу аяктады. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, объектти «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы курду. Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү тажик аскерлери 16-сентябрда жардырган.

Баткендеги үйү бузулгандарга 300 миң сомдон берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта үй-жайы талкаланган тургундарга 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилет. Бул тууралуу Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, үйлөрү жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн категориясына кирбей калган жарандарга 100… Кененирээк…

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде билдирди. Түркиянын Изник шаарында өткөн быйылкы оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрда жыйынтыкталды. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышты. Кыргызстандан 148 спортчу, спорттун 11 түрү… Кененирээк…

Кыргызстандык альпинисттер Манаслу чокусун багындырышты

Кыргызстандык альпинисттердин тобу Гималайдагы бийиктиги 8 миң 163 метр болгон Манаслу чокусун багындырышты. Альпинисттер тоого кыргыз желеги менен үч килограммдык «Манас» эпосун алып чыгышты. Буга чейин Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Непал бийлиги альпинисттердин Манаслуга чыгуу демилгесин жактырганын билдирген. Андан кийин курамында… Кененирээк…