Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 310 миллион сомдон ашык түштү.
Бул Каржы министрлигинин басма сөз кызматы тараткан соңку маалымат.
Белгиленгендей, каражат азыркы тапта эч кандай муктаждыкка жумшала элек.
Буга чейин маалымдалгандай, аны туура багыттоого президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.