Электрондук кол тамганын жарактуу мөөнөтүн онлайн режимде узартып алса болот

Электрондук кол тамганын жарактуу мөөнөтүн онлайн режимде узартып алса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, эми электрондук кол тамганын ээлери калкты тейлөө борборлоруна барбай эле, процедураны аралыктан онлайн режимде жасатып алса болот.

Кыргызстанда жылуулук сезонуна даярдык көрүү аяктап калды

Кыргызстанда жылуулук сезонуна даярдык көрүү аяктап калды. Бүгүнкү күнгө карата иштердин дээрлик 90 пайызы аткарылды. Имараттар жана энергетикалык объектилердин жабдуулары оңдолуп жатат.   Бишкек ЖЭБиндеги буу казандар дагы жылуулук сезонуна даярдалды. Бир аз кечигүү менен болсо дагы сактоочу жайларга көмүр жеткирилди.   Быйыл 400 миң… Кененирээк…

Республикага чет мамлекеттерден унаа ташып келүү көрсөткүчү өсүүдө

Республикага чет мамлекеттерден унаа ташып келүү көрсөткүчү өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан берки 8 айда өлкөгө 21 миң 500 жеңил машине алынып келди.   Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу дээрлк 3 эсе көп. Импорттолгон унаалардын жалпы баасы 200 миллион… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги унааларды өз алдынча эвакуациялоо ниетинде

Ички иштер министрлиги унааларды өз алдынча эвакуациялоо ниетинде. Мындай демилге министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды. Эреже бузган унааларды эвакуациялоо боюнча кеке компания менен түзүлгөн келишим жыл аягында соңуна чыгат.   Ведомство аны узартпай эле, бул функцияны Техникалык дайындоо борборуна өткөрүп берет.   Анда бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр… Кененирээк…

Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес

Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес.   Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги эскертет. Андан белгилешкендей, Россияда убактылуу жашаган кыргызстандыктарга аскерге чакыруу кагаздары жаңылыш түрдө келип калса, элчиликке кайрылуу керек. Дипломатиялык өкүлчүлүк мындай учурда тиешелүү органдар менен кырдаалды жөнгө салууга жардам берет.… Кененирээк…

Жапаров, Путин жана Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 13-октябрда, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаровдун, Владимир Путин, Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду.   Анда кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланганын Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мамлекет башчысы орус президентине биргелешкен жолугушууну өткөрүү демилгеси, Кыргызстан менен… Кененирээк…