Ички иштер министрлиги унааларды өз алдынча эвакуациялоо ниетинде

Ички иштер министрлиги унааларды өз алдынча эвакуациялоо ниетинде. Мындай демилге министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды. Эреже бузган унааларды эвакуациялоо боюнча кеке компания менен түзүлгөн келишим жыл аягында соңуна чыгат.

 

Ведомство аны узартпай эле, бул функцияны Техникалык дайындоо борборуна өткөрүп берет.

 

Анда бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр бар. Демилге көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Алсак, эвакуациядан түшкөн каражаттын бир бөлүгү мамлекеттик бюджетке которулат, — дешет министрликтен.